Президент Эрдоганга дүйнө жүзүнөн тез сакайып кетишин тилеген билдирүүлөр келип жатат

Президент Режеп Таййип Эрдоган жубайы Эмине Эрдоган менен коронавирустун жаңы түрүн (Ковид-19) жуктуруп алганын жарыялагандан кийин дүйнө лидерлери сакайып кеттүү тилектерин билдиришти.

1774185
Президент Эрдоганга дүйнө жүзүнөн тез сакайып кетишин тилеген билдирүүлөр келип жатат

Президент Режеп Таййип Эрдоган жубайы Эмине Эрдоган менен коронавирустун жаңы түрүн (Ковид-19) жуктуруп алганын жарыялагандан кийин дүйнө лидерлери сакайып кеттүү тилектерин билдиришти.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, социалдык медиада президент Эрдогандын тестинин оң чыкканын билдирген билдирүүсүнө шилтеме жасап, Твиттер баракчасынан: «Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган жана анын урматтуу жубайы Эмине Эрдогандын Ковид-19 тестинин жыйынтыгы оң экенин билдим. Өзүмдүн жана элимдин атынан эң жакшы каалоо-тилектеримди билдирем жана алардын мүмкүн болушунча тезирээк сакайып кетишине тилектешмин»,-деп айткан.

Президент Эрдоган да Твиттер баракчасынан бөлүшүүсүндө,«Урматтуу досум Эрсин мырза, жубайым Эминеге жана өзүмө «тезирээк сакайып кет» деген тилектериңиз үчүн терең ыраазычылык билдирип, сизге, үй-бүлөңүзгө жана бардык Кипр түрк элине терең баарлашууларымды жана саламымды билдиргим келет. Рахмат…»,-деди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Твиттерде түрк тилиндеги бөлүшүүсүндө, «Досторубуз Таййип мырза менен Эмине айымга жакшы каалоолорубузду билдирип, тез сакайып кетишин каалайбыз»,деген сөздөлдү жазды.

Президент Эрдоган Зеленскийдин социалдык тармактагы билдирүүсүнө жооп иретинде мындай деди: «Урматтуу досум, бул сонун билдирүү үчүн өзүмдүн жана жубайымдын атынан чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Сизге, үй-бүлөңүзгө жана Украина элине салам жолдойм».

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Твиттер эсебинен бөлүшүлгөн билдирүүдө Азербайжандын президенти Алиевдин Ковид-19 тести оң чыккан президент Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоган үчүн «тезирээк сакайып кетсин» деген тилектерин билдиргени белгиленди.

Президент Эрдоган Твиттер баракчасынан да бөлүшүүсүндө,«Урматтуу тууганым Илхам Алиевге «тезирээк сакайып кет» деген тилектери үчүн өзүмдүн жана Эмине айымдын атынан ыраазычылык билдирем. Дос жана боордош Азербайжан калкына саламыбызды жодоп, дубаларын күтөбүз»,-деп жазган.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан да социалдык тармактагы баракчасынан жазуусунда, «Түркиянын президенти, агам Режеп Таййип Эрдоган жана анын жубайы Эмине Эрдогандын Ковид-19 тесттери оң болгонун уктум. Өкмөтүбүздүн, Пакистан элинин жана жеке өзүмдүн атыман алардын тезирээк сакайып кетишин каалайм»,-деп бөлүштү.

Эрдогандын Ковид-19 тести позитив болуп чыккандан кийин «тезирээк сакайып кетсин» деген Катардын эмири шейх Темим бин Хамед Аль Сани, Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакис, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Косовонун президенти Вйоса Османи, Сербиянын президенти Александр Вучич. , Сомалинин президенти Мохамед ошондой эле Пакистандын президенти Ариф Алви менен Гватемала президенти Алехандро Гиамматтейге  социалдык медиа аккаунттары аркылуу ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар