Түркия эл аралык коомчулукка Греция тууралуу чакыруу салды

Адам укуктарын тебелеген Грециянын мыйзамсыз мигранттарга карата позициясына каршы чыккан Түркия, эл аралык коомчулукту бардык адамдык баалуулуктарды тоготпогон Грецияга каршы чыгууга чакырды.

1773835
Түркия  эл аралык коомчулукка Греция тууралуу чакыруу салды

Тышкы иштер министрлиги твиттерден берген маалыматында Грециянын эл аралык мыйзам жана адам укуктарынын нормаларын бузуп мыйзамсыз мигранттарды артка түртүүсү менен көптөгөн адамдын каза болуп жаткандыгын эске салды.

Мигранттардын жашоо укугуна доо кетирген бул мыйзамсыз жана абийрсиз  мамиленин Европанын уяттуулугу катары эсте калары баса белгиленген маалыматта : «Европа Биримдиги Грециянын мыйзамсыз мигранттарга карата бул аесуз мамилесине үнсүз калып жатат. Эл аралык коомчулукка чакыруубуз, бардык адамзаттык баалуулуктарды тоготпогон Грециянын бул кыймылдары  изилденип, адам укуктарынын бузулушуна үнсүз калобоо керек»,- деп айтылды.

Эдирненин Пашакөй айылынын Мандакору аймагында  2 - февралда тоңуп каза болгон 11 мыйзамсыз мигранттын жансыз денелери табылды. Ооруканага жеткирилген бир мыйзамсыз мигрант бардык жардамдарга карабастан куткарыла алган жок.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу тоңуп каза болгон мигранттардын бут кийимдери жана кийимдери чечилип, Греция чек ара аскерлери тарабынан артка сүрүлгөнүн айтты.

Топтор мурунку күнү ошол эле аймакта тоңуп каза болгон 7 мыйзамсыз мигранттын жансыз денесин табышкан.



Тектеш кабарлар