Эдирнеде тоңуп каза болгон мигранттрадын саны 16га жетти

Губернаторлуктан берилген маалыматта : «Аймакта жүргүзүлгөн издөө иштеринен кийин тилекке каршы 4 мигранттын жансыз денеси табылды. Коомчулукка кайгыруу менен билдирилет»,- деп айтылды.

1772868
Эдирнеде тоңуп каза болгон мигранттрадын саны 16га жетти

Эдирненин Ипсала районунда  тоңуп каза болгон 4 мигранттын сөөгү табылды.

Губернаторлуктан берилген маалыматта : «Аймакта жүргүзүлгөн издөө иштеринен кийин тилекке каршы 4 мигранттын жансыз денеси табылды. Коомчулукка кайгыруу менен билдирилет»,- деп айтылды.

Ипсала районунда 4 сөөктүн дагы табылышы менен кечээтен бери тоңуп каза болгон мыйзамсыз мигрант саны 16га жогорулады.

Пашакөй айылынын Мандакору аймагында кечээ тоңуп каза болгон 11 мыйзамсыз мигранттын сөөгү табылган болчу.

Ооруканага жеткирилген бир мыйзамсыз мигрант бардык аракеттерге карабастан куткарыла алган жок. Жандармерия, чек ара бөлүктөрү, полиция жана Апаат жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (АФАД) топтору аймакта издөө иштерин баштады.



Тектеш кабарлар