Эрдоган: «Азербайжандан алган жаратылыш газыбыздын көлөмүн көбөйттүк»
Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы министрлер кабинетинин жыйынынан кийин билдирүү жасады.
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Иран менен биздин ортосундагы жаратылыш газын өткөрүүдө азаюу байкалды. Азербайжан линиясынан алган жаратылыш газыбыздын көлөмүн көбөйттүк. Ар бир деңгээлде демилгени колго алып, бузулууларды жоюу жагынан Иран менен макулдаштык»,-деди.
Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы министрлер кабинетинин жыйынынан кийин билдирүү жасады.
Эрдоган, Иран менен Түркиянын ортосундагы жаратылыш газын өткөрүүдөгү азаюуга байланыштуу: «Азербайжан линиясынан алган жаратылыш газыбыздын көлөмүн көбөйттүк. Ар бир деңгээлде демилгени колго алып, мүчүлүштүктөрдү жоюу жагынан Иран менен макулдашууга жетиштик»,-деп айтты.
Президент Эрдоган токой өрттөрү менен күрөшүү боюнча да: «Ата мекендик жана улуттук учкучсуз учуучу аппараттардын санын 8ге, өрт өчүргүч учактарыбыздын санын 20га, тик учактарыбызды 55ке жеткирип жатабыз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Анзак булуңунда таңкы сыйынуу
Австралия жана Жаңы Зеландиядан Түркияга келген миңдеген киши азем аянтында таң атырды.