Түркия Грузияга техникалык жабдыктарды берди

Борбор шаар Тбилисиге жакын Орхеви аскердик казармасында өткөн аземде 11 кош кабиналуужабык кутулуу унаа, 2 кош кабиналуу унаа, 2 тарктор, 18 тейлөө комплекти жана 2 чөп кыркуучу белекке берилди.

1770026
Түркия Грузияга техникалык  жабдыктарды берди

Улуттук коргоо министрлиги Түркия менен Грузиянын ортосунда кол коюлган Аскердик каржылык кызматташтык келишиминин (AMİBA) алкагында Грузиянын Коргоо министрлигине кызматтык унааларды жана техникалык жабдууларды тапшырды.

Борбор шаар Тбилисиге жакын Орхеви аскердик казармасында өткөн аземде 11 кош кабиналуужабык кутулуу унаа, 2 кош кабиналуу унаа, 2 тарктор, 18 тейлөө комплекти жана 2 чөп кыркуучу белекке берилди.

Салтанатка Грузиянын коргоо министри Хуаншер Бурчуладзе, Түркиянын Тбилиси элчиси Фатма Жерен Язган, Түркиянын Тбилиси элчилигинин аскердик атташеси полковник Бурак Алтынер жана башка расмий өкүлдөр катышты.

Министр Бурчуладзе Түркиядан берилген унаа жана жабдууларды элчи Язган менен бирге карап чыгышкандарын белгилеп: «Түркия коргонуу күчтөрүбүздүн күчтөндүрүлүшүнө абдан активдүү катышууда»,-деди.

AMİBAнын алкагында жеткирилген унаа жана жабдуулардын грузин армиясынын инженердик кыймылдуулугун жана мүмкүнчүлүктөрүн арттыра турганын белгилеген Бурчуладзе : «Көрүнүп тургандай ар кандай техникалык жабдууларды алдык. Аскердик инженердик батальондо колдонобуз»,-деди.

Элчи Язган да Түркиянын Грузиянын аскердик жана абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн күчтөндүрүү үчүн жардам пакетин жибергенин белгилеп, мунун эки өлкөнүн коргонуу тармагындагы конкреттүү кызматташтыгынын бир мисалы экенин айтты.

Түркия катары Грузиянын жеринин бүтүндүгүн жана эгемендигин колдогондорун белгилеген Язган: «Түркия Грузиянын НАТОго мүчө коңшусу, Грузиянын жеринин бүтүндүгүн жана эгемендигин колдойбуз»,-деп айтты.

Улуттук Коргоо министрлиги Грузияга 2021-жылдын 19-июлунда 4 техникалык тейлөө унаасын, 2021-жылдын 24-январында лазердик алыстык өлчөгүчтөрдү жана инженердик жабдуулардын комплексин, 2020-жылдын 27-декабрында 35 BMC Neocity 8,5 метрлик дизелдик автобустарды, 12 брондолгон курулуш унааларын жана бир катар инженердик техникаларды жиберген.



Тектеш кабарлар