Түркия Түндүк Кипр Түрк Республикасына колдоо көрсөттү

Түндүк Кипр Түрк Республикасы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Кипр аралында жайгашкан БУУнун Тынчтык күчүнүн кызмат мөөнөтүн 6 айга узартуу чечимине каршы.

1769482
Түркия Түндүк Кипр Түрк Республикасына колдоо көрсөттү

Түркия Түндүк Кипр Түрк Республикасынын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Кипр аралында жайгашкан БУУнун Тынчтык күчүнүн кызмат мөөнөтүн 6 айга узартуу чечимине каршы билдирүүсүн толугу менен колдогондугун билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Сөз болуп жаткан чечим чыгарылып жатканда бул багытта жасалган бардык чакыруу жана эскертүүлөргө карабастан,  БУУнун эреже жана принциптерин бузуу менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын макулдугу дагы алынган жок.  Мыйзамдуу жөнгө салуудан өжөрлүк менен баш тартты. Бирок БУУнун Тынчтык күчү Түндүк Кипр Түрк Республикасы бийлигинин жакшы ниет мамилесинин негизинде ишин улантты. Бул тууралуу Түндүк Кипр Түрк Республикасы бийлигинин мындан кийин таштай турган кадамдарын толук колдойбуз»,- деп билдирилди.

Маалыматта БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бир тараптан аралдагы тараптарга чечүүчү жол табуулары керектигин айткандыгы, бир тараптан да 50 жылдан ашуун убакыттан бери сыналган, жыйынтык бербегендиги далилденген жана бир тараптын макулдугун чагылдырбаган чечүүчү жол моделин таңуулоого аракет кылынгандыгы баса белгиленип, бул мамиленин реалдуулуктан чыгып, карама  - каршылыктуу экендиги белгиленди.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Кипр Түрк Республикасы бийлигинин Марашта эл аралык мыйзамга ылайык таштаган кадамдарын сынга алышынын менчик укуктарын бузуу экендиги билдирилген маалыматта Кеңештин Түштүк Кипр Рум башкаруусунун Чыгыш Жер Ортолук деңизинде чыңалууну арттырган жана Кипр түрктөрүнүн укуктарын жок санаган,  бир тапатуу ташталган кадамдарды көрбөстүккө салышынын кош стандарттын үлгүсү экендиги баса белгиленди.

Маалыматта : «Кипрде адилеттүү жана туруктуу чечүүчү жолдун түзүлүшү үчүн Коопсуздук Кеңешин жана эл аралык коомчулукту аралдагы чындыктарды негиз кылып алган жана конструктивдүү мамилени кабыл алууга, ушул максатта Кипр түрк калкынын тең укуктуу статусу болгон, эгемендүү теңдигин жана тең укуктуу эл аралык статусун тастыктоого чакырабыз»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар