Эржиес Европанын эң мыкты лыжа борбору жарышында финалга чыкты

Бул тууралуу Кайсери мэри Мемдух Бүйүккылыч жазуу түрүндө маалымат берди.

1769968
Эржиес Европанын эң мыкты лыжа борбору жарышында финалга чыкты

Кайсеридеги Эржиес лыжа борбору Европанын эң мыкты лыжа борбору жарышында финалга чыкты.

Кайсери мэри Мемдух Бүйүккылыч берген жазуу түрүндөгү маалыматта борбору Британия болгон лыжа сайттарынан "go4ski.com" жыл сайын Европадагы тандамал  лыжа борборлорунун арасында өткөргөн "2022 The Best Ski Resort of the World" сынагына катышкан Кайсеридеги Эржиес  лыжа борборунун финалга чыккандыгын жарыялады.

Эржиес лыжа борборунун  соцтармактан онлайн түрүндө  өткөрүлгөн сынакка Түркиядан тандалган  бир гана лыжа борбору экендигин билдирген Бүйүккылыч Эржиестин дүйнөлүк масштабдагы лыжа борборлорун артта калтырып, финалда Италиядагы Ливинго менен жарышарын айтты.

Бүйүккылыч добуш берүүнүн 31 -  январь дүйшөмбү күнү http://go4ski.comдун инстаграм жана фейсбук аркылуу өткөрүлөрүн, Түркиянын баалуулугуна ээ чыгууну каалагандардын "https://www.instagram.com/go4ski/?utm_medium=copy_link" ve "https://www.facebook.com/go4ski/" адрестеринен добуш бере алышарын белгиледи.



Тектеш кабарлар