Эрдоган Гүлхане мечитинин ачылышына катышты

Эрдоган ачылуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө мечиттин курулушуна салым кошкондорду куттуктады.

1769932
Эрдоган  Гүлхане мечитинин ачылышына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Саламаттык сактоо илимдер университетинин кампусунда өткөрүлгөн Гүлхане мечитинин ачылыш аземине катышты.

Эрдоган аземде сүйлөгөн сөзүндө мечиттин курулушуна салым кошкондорду куттуктады.

Мечитте эркек жана кыз окуучулар  үчүн окуу залдарынын  даярдалганын айткан  Эрдоган Гүлхане Аскердик Медициналык Академиясындагы бул жакшы  иштин Анкара калкы үчүн пайдалуу болушун каалады. Президент Эрдоган сөз сүйлөгөндөн кийин мечит дуалар менен ачылды. 

Эрдоган жума намазын жаңы курулган Гүлхане мечитинде окуду. 

 



Тектеш кабарлар