Түркиядан Ооганстанга "Жакшылык поезди"

«Жакшылык поезди» борбор шаар Анкарадан жол тартты.

1769263
Түркиядан Ооганстанга "Жакшылык поезди"
afganistan'a iyilik treni1.jpg
afganistan'a iyilik treni.jpg

Ооганстанга 750 тонналык жардам ташыган «Жакшылык поезди» борбор шаар Анкарадан жол тартты.

Апаат жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) координациясында 11 жардам уюму тарабынан Ооганстан калкы үчүн чогултулган 750 тонналык гуманитардык жардамды ташыган поезддин сапарына байланыштуу ички иштер министри Сүлейман Сойлу, транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу жана Дин иштери боюнча башкармалыктын башчысы профессор Али Эрбаш катышуусунда азем өткөрүлдү.

Караисмаиоглу аземде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын бардык кыйналгандардын жана боорукердикке муктаждардын жанында экенин айтты.

Дос жана боордош өлкө болгон Ооганстандын эли менен бирге экендиктерин билдирген Караисмаиоглу:

«Биздин 2 поезд 47 вагондон турат жана болжол менен 750 тонна жардам ташыйт. (Поезддер) 4168 километр жол жүрүшөт. Иран Түркмөнстан аркылуу Ооганстанга жетет»,-деди.

Баку-Тбилиси-Карс линиясынан кийин түштүк линиясы деп аталган Стамбул-Тегеран-Исламабад поезддеринин да иштей баштаганын эске салган Караисмаиоглу, поезддин бул коридордон 16 күндүн ичинде өтөөрүн белгиледи.

Ички иштер министри Сойлу да Ооганстанда суук аба ырайында 12,9 миллион баланын жардамга муктаж экенине көңүл буруп, адамзат менен бирге болууну тандаган жана дүйнөнүн бардык жеринде кыйын кырдаалга кабылган адамдарга жардамга шашкан Түркиянын ооган элине ар дайым колдоо көрсөтө турганын айтты.

Сойлу түрк улутунун батыш цивилизациясындай абийирин токтоткон улут эмес экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар