Фахреттин Алтун Азербайжан делегациясы менен жолугушту

Жолугушууда 2022 - жылын " Шуша жылы" деп жарыялоо жана бул тууралуу иш алып баруу каралды.

1769144
Фахреттин Алтун Азербайжан делегациясы менен жолугушту

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы  Фахреттин Алтун Азербайжан Республикасынын Бейөкмөт уюмдарды мамлекеттик колдоо агенттигинин башчысынын орун басары Вүсал Гулиев жана аны коштогон делегация менен жолугушту.

Фахреттин Алтун соцтармактан берген маалыматында Коммуникация башкармалыгында Гулиев менен жолугушкандыгын жана коштоосундагы делегацияга сапары үчүн ыраазычылык билдирди.

Алтун билдирүүсүндө жолугушуу тууралуу баа берип : «Жолугушууда 2022 - жылды "Шуша жылы" деп жарыялоо, бул багытта Азербайжан менен Түркиянын кызматташтыгын бекемдөө жана эки өлкөнүн бейөкмөт уюмдарынын биргелешкен иш планын түзүү маселелерин талкууладык. Жолугушуубуздун пайдалуу  болушун каалайм»,- деди.  



Тектеш кабарлар