Чавушоглу Путиндин Түркияга сапары тууралуу маалымат берди

Чавушоглу Сильви Байпо Темон менен борбор шаар Анкарадагы жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1769379
Чавушоглу Путиндин Түркияга сапары тууралуу маалымат берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусиянын президенти Владимир Путиндин Түркияга келе турган күнүнүн, орус лидер Пекин олимпиадасынан кайтып келгенден кийин аныктала турганын айтты.

Чавушоглу Борбордук Африка Республикасынын тышкы иштер министри, Франкофония жана чет өлкөдөгү борбордук африкалыктар министри Сильви Байпо Темон менен борбор шаар Анкарадагы жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Чавушоглу жолугушууда президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркияга чакыруусун кабыл алган Путиндин сапарына байланыштуу төмөнкүдөй маалыматтарды берди:

«Стратегиялык кызматташтык жыйыны үчүн Эрдоган Путинди Түркияга чакырды. Январь айы туура келген жок. (Орусиянын Президенттик сарайы) Кремль Путин Пекин Олимпиадасынан кайтып келгенден кийин дата берилерин кабарлады».

Чавушоглу Орусия-Украина чыңалуусуна байланыштуу болсо: «Биз бир нече жолу ойлорубузду бөлүштүк. Мындай чыңалуунун жаңжалга айланып кетпеши керектигин айттык. Биздин тилегибиз бул диалогдун улана бериши», - деди.

Армения менен башталган жана Азербайжан тарабынан да колдоого алынган нормалдашуу процессинин ишенимди арттыруучу кадамдар менен уланып жатканын белгилеген Чавушоглу, ушул алкакта Түркия менен Армениянын атайын өкүлдөрүнүн биринчи жолугушуусун Орусиянын борбор шаары Москвада өткөрүшкөнүн эске салды.

Чавушоглу атайын өкүлдөрдүн байланышта экенин, кийинки жолугушуунун качан жана кайда өткөрүлөөрүн чогуу чече тургандарын айтты.

Анталья дипломатия форумуна чакырылган Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен атайын өкүлү Рубен Рубиняндын форумга катыша турганын белгилеген Чавушоглу, форумга катышуудан кубанычта боло тургандыктарын белгилеп: «Бул ошондой эле ишенимди бекемдөө кадамдарынын бир бөлүгү болот», - деди.



Тектеш кабарлар