Азербайжандан Түркияга жараталыш газ экспорту арттырылат

SOCARдын басма сөз катчысы Ибрахим Ахмедов Түркияга жаратылыш газ экспортун арттыра тургандарын айтты.

1768878
Азербайжандан Түркияга жараталыш газ экспорту арттырылат

Азербайжан мамлекеттик мунай компаниясынын (SOCAR) басма сөз катчысы Ибрахим Ахмедов Түркияга жаратылыш газ экспортун арттыра тургандарын айтты.

Ахмедов жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Түркиянын Ирандан Түркияга жаратылыш газ импортуна байланыштуу техникалык  маселелерден  улам келип чыккан убактылуу муктаждыкты камсыз кылуу үчүн Азербайжанга кайрылгандыгын белгиледи.

Түркиянын кайрылуусуна оң жооп берилгендигин белгилеген Ахмедов : "Болгон  мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып,   Азербайжандан Түркияга карата  жаратылыш газ экспорту талапка жараша көбөйтүлөт»,-деди. 



Тектеш кабарлар