Алтун Эл аралык Холокостту эскерүү күнүнө карата билдирүү жарыялады

Бул тууралуу Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун маалымат бөлүштү.

1769453
Алтун Эл аралык Холокостту эскерүү күнүнө карата билдирүү жарыялады

 

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун расизм, исламофобия жана дискриминациянын бардык түрлөрү менен күрөшүү адамзаттын эң чоң милдети экенин белгиледи.

Алтун социалдык медиа эсебинде жарыялаган билдирүүсүндө, «Эл аралык Холокостту эскерүү күнүндө мен бул геноциддин бардык курмандыктарын урматтоо менен белгилейм. Расизмдин, исламофобиянын жана дискриминациянын бардык түрлөрү менен күрөшүү биздин адамзат катары эң чоң милдетибиз. Ушул себептен улам дагы бир жолу эскерте кетели. Адилеттүү дүйнө болушу мүмкүн»,деген өз баасын берди.

Фахреттин Алтун бөлүшүүсүндө Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан даярдалган Холокост тууралуу видеотасмага да орун берди.

Видеодо Холокост адамзат тарыхындагы эң караңгы процесстердин бири экени айтылган. Бул геноцид жек көрүүчүлүктүн, антисемитизмдин, зомбулуктун жана наадандыктын көрүнүшү экенин баса белгилеген видеодо төмөндөгүлөр жазылган: «Тилекке каршы, бул коркунучтуу кырсыктан 80 жыл өтсө дагы миллиондогон жөөттөрдүн кырылышына алып келген шарттар бүгүнкү күндө дагы бар. Коомдорубуздун ашынган улутчулдардын, расизмдин, исламофобиянын, антисемитизмдин, ксенофобиянын жана жек көрүүчүлүктүн күчөшү менен поляризацияланышы адамзаттын жалпы баалуулуктарына чоң коркунуч жаратууда.  Биздин эл аралык коомчулук катары өткөн каталардан сабак ала албаганыбыз Камбоджада, Руандада жана Боснияда геноцид кылмышынын кайра жасалышына алып келди. Дүйнө коомчулугу жек көрүүчүлүккө каршы иш алып барып, тилектештикти күчөтүү жана бүткүл адамзатка боорукердикти көтөрүүнү көрсөтүүсү зарыл. Тарыхтагы мыкаачылыктардын кайталанышына жол бербөө, жапа чеккендер үчүн адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана геноцидден жапа чеккен бардык адамдардын ар-намысын коргоого аракет кылышыбыз керек».



Тектеш кабарлар