Түркия Ирактагы кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлиги кол салууну айыптаган билдирүү жарыялады.

1768656
Түркия Ирактагы кол салууну айыптады

Түркия Ирактын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Мухаммед аль-Халбусинин резиденциясына жасалган террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлиги кол салууну айыптаган билдирүү жарыялады.

Билдирүүдө: «Ирактын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Мухаммед Халбусинин Анбар провинциясындагы резиденциясына жасалган террордук кол салууну катуу айыптайбыз»,-делди.

Кол салуунун күнөөкөрлөрүнүн эң кыска убакытта аныкталып жоопко тартылышы үмүтү айтылган билдирүүдө, Түркиянын Ирактын террорго каршы күрөшүн күчтүү түрдө колдой турганы баса белгиленди.

Ирактын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Халбусинин Энбардын Гарма районундагы резиденциясына кечээ жасалган ракеталык кол салууда эки киши жаракат алган болчу.



Тектеш кабарлар