Борбордук Африка Республикасынын Тышкы иштер министри Түркияга келет

Сапардын Борбордук Африка Республикасынан Түркияга тышкы иштер министрлиги деңгээлиндеги биринчи сапар боло турганы баса белгиленди.

1768740
Борбордук Африка Республикасынын Тышкы иштер министри Түркияга келет

Борбордук Африка Республикасынын Тышкы иштер, Франкофония жана чет өлкөлөрдөгү борбордук африкалыктар министри Сильви Байпо Темон эртең Түркияга барат.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта бул сапардын Борбордук Африка Республикасынан Түркияга тышкы иштер министрлиги деңгээлиндеги биринчи сапар боло турганы баса белгиленди.

Сапардын алкагында өтө турган жолугушууларда эки тараптуу карым - катнаштардын бардык өңүттө каралышы, актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуулардын болушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар