Варанк: «Түркиянын энергетикалык ар түрдүүлүгүн арттырууга инвестиция салып жатабыз»

Министр Варанк Анкара Полатлыдагы Controlmatik Technology литий-темир фосфат аккумулятор заводунун пайдубалын түптөө аземинде сөз сүйлөдү.

1768218
Варанк: «Түркиянын энергетикалык ар түрдүүлүгүн арттырууга инвестиция салып жатабыз»

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк: «Түркиянын энергетикалык ар түрдүүлүгүн арттыруу үчүн бүт өлкөбүзгө инвестиция салып жатабыз»,-деди.

Министр Варанк Анкара Полатлыдагы Controlmatik Technology литий-темир фосфат аккумулятор заводунун пайдубалын түптөө аземинде сөз сүйлөп, Түркияны критикалык технологияларды өндүрүүгө жөндөмдүү глобалдык базага айландыруу үчүн иштеп жаткандарын айтты.

Варанк ылдам технологиялык өнүгүүлөр менен энергияга болгон муктаждыктын күн санап өсүп жатканын белгиледи.

Фоссилдик күйүүчү майларды колдонгон ичтен күйүүчү мотор технологиясынын тарыхта кала турганын белгилеген Варанк, алардын ордун ала турган электрдик унаалардын чыгымынын көбүнүн батарейкалардан келип чыкканына көңүл бурду.

Мустафа Варанк: «Өлкө катары, атаандаштык шарттары теңдеш болгон бул мезгилде Түркиянын Автоунаасы менен электрдик унаа секторуна тез кирдик. Учурда долбоордо баары жакшы жүрүп жатат. Жылдын аягында буюрса алгачкы унаалар массалык өндүрүш линиясынан чыгат, бирок биз TOGG сыяктуу долбоорлордун узак мөөнөттүү келечекте туруктуу болушу үчүн батарея технологиялары абдан натыйжалуу болоорун билебиз»,-деди.

Түркияны 2022-жылы өнөр жайдын лидерлиги менен өстүрүүнү уланта тургандарын белгилеген Варанк, өлкөнү инвестиция, өндүрүш, экспорт жана жумуш менен камсыз кылуу багытында кармай тургандарын, энергия инвестициялары бул максаттарга жетүүнүн кепилдиги болорун айтты.

Сөз сүйлөөлөрдөн кийин министр Варанк жана аны коштоп жүргөн адамдар кнопкаларды басуу менен ишкананын пайдубалын түптөштү.



Тектеш кабарлар