Түркия - Греция Биргелешкен Экономикалык Комиссиясынын жыйыны

Түркия менен Грециянын ортосундагы соода көлөмү 2021-жылы 2020 - жылга салыштырмалуу 69,2 пайызга өсүп 5,2 миллиард долларга жетти.

1767624
Түркия  -  Греция Биргелешкен Экономикалык Комиссиясынын жыйыны

Түркия - Грециянын Биргелешкен Экономикалык Комиссиясы КЭК 5 - мөөнөттүү жыйыны Афинада соода министринин орун басары Мустафа Тузжунун жана Грециянын тышкы иштер министринин орун басары Костантинос Франгояннистин тең төрагалыгында өткөрүлдү.

Жыйындан кийин берилген биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүүдө 2021 – жылы Түркия менен Грециянын ортосундагы соода - экономикалык карым - атнаштардын күчөшү баса белгиленип, бул тармакта жетишилген  ылдамдыкты улантуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнүн арттырылышы үчүн өткөрүлгөн жыйындын  маанилүү функция аткара турганы белгиленди.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин кол коюлган КЕКтин   5 – мөөнөттүү протоколуна сүйлөшүүлөрдө каралган эки тараптуу карым -  катнаштар, бири бирине карата инветициялар, Европа Биримдиги  менен күн тартибиндеги соода темалары жана өзгөчө энергетика, туризм, айыл чарба, бажы жана транспорт сыяктуу көптөгөн тармакта экономикалык жана техникалык кызматташтык мүмкүнчүлүктөр чагылдырылды.

Түркия менен Грециянын ортосундагы соода көлөмү 2021-жылы 2020 - жылга салыштырмалуу 69,2 пайызга өсүп 5,2 миллиард долларга жетти.

Түркиянын Грецияга экспорту 2021-жылы 73,3 пайызга көбөйүп, Түркия болжол менен 1 миллиард долларлык соода ашыкчасына ээ болду. 2005-жылдан бери эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү үч эсеге өстү.



Тектеш кабарлар