Түркия Буркина - Фасо тууралуу билдирди
Түркия Буркина - Фасодогу төңкөрүш аракети тууралуу кабарлардан терең тынчсызданганын билдирди.
1767744

Түркия Буркина - Фасодогу төңкөрүш аракети тууралуу кабарлардан терең тынчсызданганын билдирди.
Тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндө берилген маалыматта : "Буркина - Фасодо төңкөрүш аракети болгондугу жана президент Роч Марк Кристиан Каборенин кармалганы жөнүндөгү кабар бизди терең тынчсыздандырды»,-деп айтылды.
Маалыматта дос жана боордош Буркина - Фасонун конституциялык тартиби менен коомдук тынчтык жана туруктуулугунун бузулбашы кааланып, Түркиянын бул кыйын мезгилде Буркина - Фасонун жанында болору баса белгиленди.