Шентоп Индияны куттуктады

Шентоп Индия элине ден соолук, тынчтык жана бакыт-таалай каалалады.

1768048
Шентоп Индияны куттуктады

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Индиянын Улуттук күнү менен куттуктады.

Шентоп Индиянын Элдик Мажилисинин төрагасы Ом Бирла менен Индиянын Аймактык Мажилисинин төрагасы М Венкаиах Найдуга улуттук күнгө байланыштуу өз-өзүнчө куттуктоо катын жиберди.

Индиянын Улуттук күнүн куттуктаган Шентоп: «Түркия менен Индиянын ортосундагы чын ыкластуу достук мамилелердин негизинде түптөлгөн тарыхый, маданий жана гуманитардык байланыштар бар. Парламенттерибиздин ортосундагы тыгыз байланыштар да ушул негизде сакталып, эки тараптуу жана көп тараптуу платформаларда өнүгүп жатат»,- деди.

Шентоп Индия элине ден соолук, тынчтык жана бакыт-таалай каалалады.



Тектеш кабарлар