Октай Түндүк Кипрдеги шайлоого байланыштуу билдирүү жарыялады

Октай: «ТКТРдеги шайлоонун жыйынтыгы саясий партиялар жана Кипр түрктөрү үчүн пайдалуу болсун»

1767684
Октай Түндүк Кипрдеги шайлоого байланыштуу билдирүү жарыялады

Вице-президент Фуат Октай, Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн жалпы шайлоонун жыйынтыктарынын саясий партияларга жана Кипр түрктөрүнө пайдалуу болушун каалады.

Октай Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «ТКТРдеги шайлоонун жыйынтыгы саясий партиялар жана Кипр түрктөрү үчүн пайдалуу болсун. Шайлоо процессинин жыйынтыгында демократиялык жетилгендик менен шайланган депутаттарды куттуктап, Түркия-ТКТР биримдигин бекемдөө менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын өнүгүүсү үчүн жасала турган иштерге ийгилик каалайм»,-деди.



Тектеш кабарлар