Түркияда өткөн жылы 1 047 975 ымыркай төрөлдү

Бул тууралуу маалымат Ички иштер министрлигинин Калк жана жарандык иштери боюнча башкы башкармалыгынан алынган.

1766920
Түркияда өткөн жылы 1 047 975 ымыркай төрөлдү

Түркияда өткөн жылы 1 миллион 47 миң 975 ымыркай төрөлдү.

Ички иштер министрлигинин Калк жана жарандык иштери боюнча башкы башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, ымыркай эркек балдардын 7 миң 134үнө Юсуф, 6 миң 304үнө Алпарслан жана 5 миң 777ине Мирач деген ысымдар эң көп тандалып алынган ысымдардын арасында болду.

Бул ысымдардын артынан Өмер Асаф, Эймен, Гөктуг,  Мустафа, Арас жана Али Асаф келди.

Ымыркай кыздарга коюлган ысымдардын ичинен Зейнеп биринчи орунду алды.

Өткөн жылы 10 миң 130 ымыркайга Зейнеп ысымы коюлган.

Мындан тышкары 6 миң 546 ымыркайга Элиф, 6 миң 496 ымыркайга Асел деген ысым ыйгарылган.

Ымыркай кыздарга башка ысымдар Ася, Дефне, Азра, Нехир, Зүмра, Эйлүл жана Эжрин болгон.



Тектеш кабарлар