Эрдоган-Раиси сүйлөшүүсү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Түркия-Иран карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралды.

1766826
Эрдоган-Раиси сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган ирандык кесиптеши Ибрахим Раиси менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Түркия-Иран карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралды.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Тегеранда эң кыска мөөнөттө өткөрүлө турган Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйыны жана бул алкакта кол коюла турган келишимдер боюнча иштердин уланып жатканын билдирди.

Бир тараптан Кавказда тынчтык жана ырааттуулуктун өкүм сүрүшү үчүн аракеттерин уланткандарын билдирген президент Эрдоган, ушул алкакта Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен биргелешип иштеп чыккан 3+3 платформасынын кийинки жыйынын Түркияда өткөрүүнү каалашкандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар