4 террорист багынып берди

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен жазуу түрүндө маалымат берилди.

1766990
4 террорист багынып берди

Көндүрүү аракетинин натыйжасында жикчил террордук уюм ПКК/КЖКнын дагы 4 мүчөсү коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Ички иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Ички иштер министрлигинин координациясында Коопсуздук башкы башкармалыгы менен Жандармерия башкы командирлиги тарабынан жүргүзгөн көндүрүү аракеттеринин натыйжасында жикчил террордук уюм ПКК/КЖКга мүчө дагы 4 террористтин коопсуздук күчтөрүнө багынып бергени маалымдалды.

1992-2016-жылдар аралыгында террордук уюмга кошулган уюмдун мүчөлөрү Сирия жана Иракта кыймыл кылгандары белгилүү болду.

Ошентип, 2022-жылы көндүрүү менен багынып берген уюмдун мүчөлөрүнүн саны 9 болду.



Тектеш кабарлар