"Украина менен Россиянын ортосундагы маселелер тынчтык жолу менен чечилиши керек"
Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп, Украина менен Россиянын ортосундагы көйгөйлөрдүн тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечиле турганын айтты.

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп, Украина менен Россиянын ортосундагы көйгөйлөрдүн тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечиле турганын айтты.
Стамбулда Бейоглу муниципалитети тарабынан уюштурулган программанын коногу болгон Шентоп дүйнөнүн өзгөрүүлөргө муктаж экендигине көңүлдөрдү бурду.
Шентоп чечилиши кечеңдетилген көптөгөн маселелердин бар экенин, Чыгыш Европа бата болгон Балкан, Кипр, Сирия, Ирак, Армения, Крым жана Украинадагы маселелердин Экинчи дүйнөлүк согуштун себеби болгонун, бирок согушка карабастан чечиле албаганын айтты.
Шентоп бардык көйгөйлөрдүн диалог аркылуу чечилиши керектигин белгилеп : «Украина менен Россиянын ортосундагы маселелерди тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечилет. Болбосо, бул биздин аймак үчүн да, эки өлкө үчүн да пайдалуу натыйжа алып келбейт»,- деди.
Тектеш кабарлар

Калын Түркия, НАТО, Швеция жана Финляндия саммитинин өтө турганын айтты
Ибрахим Калын жеке менчик бир телеканалда күн тартибине байланыштуу баа берүүлөрдү жасады.