Ата мекендик тапанча Лас Вегастагы SHOT Show көргөзмөсүнө катышты

SHOT Showго келгендер жарманкенин эң жаңы үлгүлөрү болгон BRG Elite 9 тапанчасына кызыгышты.

1766664
Ата мекендик тапанча Лас Вегастагы SHOT Show көргөзмөсүнө катышты
yerli silah tabanca elite 9.jpg
yerli silah tabanca elite 9.jpg

Burgu Metal Америка Кошмо Штаттарына экспорттой баштаган BRG Elite 9 тапанчасы менен дүйнөдөгү ок атуучу курал өнөр жайынын эң маанилүү жолугушуусу  болгон Лас Вегастагы SHOT Show көргөзмөсүнө катышты.

Түркиянын жеңил курал өндүрүүчүлөрү дүйнөдөгү ок атуучу курал өнөр жайынын эң маанилүү жолугушуусу болгон Лас Вегастагы SHOT Show көргөзмөсүндө продукцияларын көрсөтүштү.

Жабык жана ачык аянттарда фирмалардын продукцияларын көргөзмөгө чыгарган SHOT Show жарманкеси ар бир фирма үчүн бөлүнгөн ачык  атуу аянттарында куралдардын түздөн түз профессионал колдонуучулар тарабынан сыноо мүмкүнчүлүгүн түзүүдө.

Акыркы жылдарда өзгөчө АКШга олуттуу экспорттук ийгиликке жетишкен түрк курал өндүрүүчүлөрү, эл аралык аренада болууну арттыруу үчүн жаңы продукцияларын таанытып, жаңы кызматташтык жана маркетинг мүмкүнчүлүктөрү үчүн байланыштарды түзүштү.

Burgu Metal BRG Defence бренди менен иштеп чыккан тапанча жана жөө мылтык менен АКШ базарына кирди. Компания SHOT Show көргөзмөсүндө келгендерге өз продукциясын тартуулады. Келгендер жарманкенин эң жаңы үлгүлөрү болгон BRG Elite 9 тапанчасына кызыгышты.

BRG Elite 9 жогорку атуу көрсөткүчү менен АКШда өткөрүлгөн сыноолордо толук баа алды.



Тектеш кабарлар