Президент : "Тынчтык үчүн ортомчулук кылабыз"

Эрдоган Стамбулда күн тартибине байланыштуу баа берди.

1766499
Президент : "Тынчтык үчүн ортомчулук кылабыз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Россия - Украина кризисине байланыштуу : «Биз тынчтык үчүн ортомчулук кылабыз»,- деди.

Эрдоган Стамбулда күн тартибине байланыштуу баа берди. Президент Эрдоган : «(Россия  -  Украина чыңалуусу) Оккупацияга карата кандайдыр бир абал же согуштун чыгышы, аймактын тынчтыгы үчүн абдан олуттуу бир эреже бузууну жаратат»,- деди.

«Бул олуттуу түрдө аймактын тынчын ала тургандай эле бүгүн 40 миллионго жакын калкы болгон Украина менен Россиянын бул жерде тынчсыздануу жаратышын биз Түркия катары кабыл албайбыз»,- деген президент : «Түркиянын Россия менен карым  - катнашы бар. Бул саясий базада аскердик, маданий базада бардык темада Түркия  -  Россия карым  - катнаштары өнүгүү менен уланууда. Украина менен да ошондой карым  - катнашта. Бул оң абалдардын биз Россия  менен  Украинанын  ортосундагы терс көрүнүшкө айланганын кабыл ала албайбыз»,-деди.

Россия менен Украинанын ортосунда тынчтыктын болушуна Түркиянын ортомчулук кыла аларын айткан Эрдоган : «Бул маселе боюнча  бизге кандай милдет түшө турган болсо аткарууга даяр экендигибизди айтканбыз. Алдыда менин  Украинага иш сапарым бар. Ошол эле учурда балким урматтуу Путин менен  телефондо сүйлөшүп же Москвага барышым мүмкүн. Биз аймакта тынчтыктын өкүм сүрүшүн каалайбыз. Бизге кандай милдет түшө турган болсо  биз буга даярбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар