Ливандагы энергия кризисине Түркия чечүүчү жолду сунуш кыла алат

Ливандын Христиан Эркин Патриоттук Кыймылынын Төрагасы жана мурдагы тышкы иштер министри  Гибран Басил Түркиянын Ливанга болуп жаткан энергетикалык кризиске байланыштуу чечимдерди сунуш кыла ала турганын айтты.

1766176
Ливандагы энергия кризисине Түркия чечүүчү жолду сунуш кыла алат

Ливандын Христиан Эркин Патриоттук Кыймылынын Төрагасы жана мурдагы тышкы иштер министри  Гибран Басил Түркиянын Ливанда болуп жаткан энергетикалык кризиске байланыштуу чечимдерди сунуш кыла ала турганын айтты.

Президент Мишель Авндын да күйөө баласы болгон Басил Түркия менен өлкөсүнүн ортосундагы кызматташтык тууралуу баа берди.

Түркиянын аймактагы негизги мамлекеттердин арасында экенин белгилеген Басил : "Биз орток кызыкчылыктарыбыз бар аймакта жашайбыз. Түркия абдан жакшы өлкө. Мыкты карым - катнаштарга ээ болушубуз керек. Ансыз деле ушундай карым - катнашыбыз бар жана биз аны коргошубуз керек. Бул Ливан үчүн  стратегиялык абал»,- деди.  

Ливандын өткөн жылдан бери абдан олуттуу энергетика кризисин жашап жатканын жана Түркиянын «жаңылануучу» энергия боюнча маанилүү тажрыйбасы бар экенин эске салган Басил : «Биздин пландарыбыздын негизинде Түркия энергия кризисине чечүүчү жолдорду сунуш кыла алат. Электр өндүргөн түрк кемелерин өлкөгө алып келгенбиз. Өндүрүү наркы арзан. Муну менен бирге Түркиянын эл аралык тармакта башка өлкөлөр менен жарыша аларына да ишенебиз. Ливанды энергия менен камсыздоо алкагында түрк фирмалары башка эл аралык фирмалар менен атаандаша алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана башка тармактарды камтыйт. Ооба, биз кызматташуубуз керек»,- деди.



Тектеш кабарлар