Эрдоган: «Жумуштуулук 2,7 миллионго өстү»
Президент Эрдоган Көз карандысыз ишкерлер коомунун төрагасы Махмут Асмалы менен Башкаруу кеңешинин мүчөлөрүн Стамбулдагы Вахдеттин сарайында кабыл алды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияда экономикалык өсүш жана экспорттогу рекорддорго кошумча түрдө жумуштуулуктун коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан мурункуга салыштырмалуу 2,7 миллион кишиге өскөнүн айтты.
Президент Эрдоган Көз карандысыз ишкерлер коомунун төрагасы Махмут Асмалы менен Башкаруу кеңешинин мүчөлөрүн Стамбулдагы Вахдеттин сарайында кабыл алды.
Экономикадагы өнүгүүлөргө токтолгон Эрдоган: «Өсүү жана экспорт сыяктуу тармактардагы рекорддордон тышкары, биздин жумуштуулук пандемияга чейинки мезгилге салыштырмалуу 2,7 миллионго көбөйдү жана бул чоң жетишкендик»,-деди.
Эрдоган: «Валюта курсунун турукташуусу менен биргеликте рыноктордо валюталык суроо-талаптын тең салмаксыздыгынан улам ашыкча олку-солкулуктар кайталанбайт деп ойлойбуз»,- деп билдирди.