Turkovac үчүн жаңы изилдөө
Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа жаңы изилдөөгө байланыштуу маалыматты кечээки кабинет жыйынынан кийин журналисттерге жарыялады.
Коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы иштелип чыккан ата мекендик вакцина TURKOVAC үчүн жаңы илимий изилдөө башталды. Изилдөөдө BioNTech вакцинасынын 2 дозасынан кийин TURKOVAC вакцинасынын бир дозасын алгандардын антитело деңгээли өлчөнөт.
Ата мекендик вакцина Turkovac жетиштүү илимий маалыматтар чогултулгандан кийин колдонула баштаган. Биринчи вакцина катары колдонуудан тышкары mRNA жана инактивацияланган вакцинага кошумча түрдө эскертүү дозасы катары да колдонулууда.
Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа жаңы изилдөөгө байланыштуу маалыматты кечээки кабинет жыйынынан кийин журналисттерге жарыялады.
Министр Кожа билдирүүсүндө: «Биз эки BioNTech вакцинасынын үстүнө бир доза TURKOVAC алгандарга байланыштуу изилдөө баштайбыз. Изилдөөдө бейтаптын антитело өзгөрүшү байкоого алынат. mRNAнын үстүнө инактивдик изилдөө дүйнөдө биринчи болот», - деди.
Изилдөө үчүн керектүү уруксаттардын алынганын айткан Кожа: «Эки mRNA вакцинасынан кийин бир дозалык TURKOVAC изилдөөсү 24-январь дүйшөмбү күнү Анкарада башталат»,-деп билдирди.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.