ЙПГ/ПКК Афринге кол алды
Кол салууда 1 жаран каза болуп, 2 жаран жараланды.
1765885

Жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын Сириянын Африн районуна ракета менен кол салуусунун натыйжасында 1 жаран каза болуп, 2 жаран жараланды.
ЙПГ/ПКК уялаган Тел-Рыфаттан «Зайтун бутагы» операциясы менен террордон тазаланган Африндин батышындагы Мерйемин аймагына ракеталар менен кол салды.
Кол салууда унаадагы 1 жаран каза болуп, 2 жаран жараланды. Унаа жараксыз абалга келир, жабыркагандар тегеректеги ооруканаларга жеткирилди.
«Зайтун бутагы» операциясы менен Афринден чыгарылган ЙПГ/ПКК райондун түштүк - чыгышындагы Тель - Рыфат аймагында болууну улантууда.
Түркия Сириянын улуттук армиясынын колдоосу менен Афринди жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККдан 2018 - жылдын 18 - мартында тазалаган.