Сириянын түндүгүндө террорго каршы күрөш уланууда

Улуттук коргоо министрлигинен бул тууралуу билдирүү таратылды.

1764975
Сириянын түндүгүндө террорго каршы күрөш уланууда

Сириянын түндүгүндөгү Тынчтык булагы аймагына куугунтуктоо окторун атып, кирүүгө аракет кылган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 7 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө:«Тынчтык булагы аймагында тынчтыкты жана коопсуздукту бузууга аракет кылган террористтерге бөгөт коюуну улантуудабыз. Аймакка карай куугунтуктоо менен ок атып, кирүүгө аракет кылган 7 ПКК/ЙПГ террористи ок атууну колдоочу техникаларабыз менен жок кылынды»,делди.

Бир тараптан көндүрүү аракетинин натыйжасында жикчил террордук уюм ПККдан качкан дагы бир адам коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, аталган уюмдун мүчөсүнүн 2019-жылы террордук уюмга кошулуп, Сирияда кыймыл кылганы аныкталган.

Үстүбүздөгү жылы көндүрүү менен багынып берген уюмдун мүчөлөрүнүн саны 4кө жетти.



Тектеш кабарлар