Мустафа Шентоп Катарга барды

Шентоп жана аны коштогон парламенттик делегацияны Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль-Тани кабыл алат.

1764889
Мустафа Шентоп Катарга барды

Түркия  Улуттук Парламентинин  спикери  Мустафа Шентоп расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Катарга барды.

Шентоп жана аны коштогон парламенттик делегацияны Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль-Тани кабыл алат.

Шентоптун Шура кеңешинин спикери Хасан бин Абдуллах Аль - Ганим жана Катардын премьер - министри жана ички иштер министри шейх Халид бин Халифа бин Абдулазиз Аль Тани менен жолугушуусу пландалууда.

Түркия  Улуттук Парламентинин  спикери  Шентоптун Доха институтуна барышы  жана «Жаңы дүйнөгө карай: достук, союздаштык, кызматташтык» темасында сөз сүйлөй тургандыгы да күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар