Мевлүт Чавушогу БАЭнин тышкы иштер министри менен сүйлөштү

Сүйлөшүүдө эки тараптуу карым - катнаштар жана айрым аймактык маселелер да талкууланды.

1764578
Мевлүт Чавушогу БАЭнин тышкы иштер министри менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бириккен Араб Эмирликтери БАЭнин тышкы иштер министри шейх Абдуллах бин Заид Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө министр Чавушоглу кечээ БАЭге жасалган кол салууларда каза болгондор жана жарадар болгондор үчүн көңүл айтты.

Сүйлөшүүдө эки тараптуу карым - катнаштар жана айрым аймактык маселелер да талкууланды.

БАЭнин борбор шаары Абу - Дабинин Мусаффа аймагында учкучсуз аба  аппараттарынын  кол салуусунун натыйжасында 3 күйүүчү май ташыган танкерде жарылуу болуп, кол салууда 3 кишинин каза болгону, 6 кишинин жараланганы билдирилген. 



Тектеш кабарлар