Эрдоган: «Кара деңиздеги жаратылыш газ иштерин 2023-жылга чейин бүтүрөбүз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Албания сапарынын аягында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1764599
Эрдоган: «Кара деңиздеги жаратылыш газ иштерин 2023-жылга чейин бүтүрөбүз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Кара деңиздеги жаратылыш газ иштери учурунда 2022-жылы бардык кудуктарда өндүрүш алдындагы бүтүрүү иштери жүргүзүлө турганын айтып: «Буюрса, биз бул ишти 2023-жылга чейин бүтүрөбүз»,-деди.

Албания сапарынын аягында журналисттердин суроолоруна жооп берген Президент Эрдоган, Кара деңиздеги жаратылыш газ иштери тууралуу: «Трубаны курууда колдонула турган түтүктөр келе баштады. Бардык түтүктөр болжол менен 10 өзүнчө каттам менен портко келет деп пландалууда. Ар бир түтүктүн узундугу болжол менен 12 метрди түзөт. Түтүктөрдү жайгаштыруу процесси деңиз түбүндө болжол менен 5 айга созулат. 2022-жылы бардык кудуктарда өндүрүш алдындагы бүтүрүү иштери жүргүзүлөт. Буюрса биз бул ишти 2023-жылга чейин бүтүрөбүз»,-деп айтты.

«Жаңы жакшы жаңылык барбы?»деген суроосуна Эрдоган: «Биз күтүп жатабыз. Биздин бардык кыялдарыбыз, министрликтин иши, досторубуз берген маалыматтар, айрыкча сейсмикалык изилдөө кемелерибиздин бизге берген отчеттору ар дайым ушул багытта болот деп үмүттөнөбүз. Анткени, биз бул ишти ушундай ийгиликтүү аяктаганда, «Экономикалык көрсөткүчтөр эмне, эмне жок?» дегендерге ошол жерден керектүү жоопту берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз деп ишенем»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар