Эрдоган: «Босниядагы кризистен чыгуу үчүн эл аралык коомчулук биргелешип иш-аракет кылышы керек»

Президент Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Сербиянын президенти Александр Вучич менен жекеме-жеке жолугушуусунан кийин кол коюу аземинде жана биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1764696
Эрдоган: «Босниядагы кризистен чыгуу үчүн эл аралык коомчулук биргелешип иш-аракет кылышы керек»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Босния-Герцеговинадагы кризистен чыгуу үчүн эл аралык коомчулуктун биргелешип иш-аракет кылышы керек экени анык экенин айтты.

Президент Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Сербиянын президенти Александр Вучич менен жекеме-жеке жолугушуусунан кийин кол коюу аземинде жана биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Сербия менен карым-катнаштардын эң сонун деңгээлде экенин белгилеген Эрдоган, өзгөчө Балкан өлкөлөрү менен аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашкандарын белгиледи.

Эпидемиянын терс таасирине карабастан эки тараптуу соода көлөмүн өткөн жылы 34 пайыздык өсүү менен 2 миллиард долларга жеткиргендерин белгилеген Эрдоган, максаттарынын 5 миллиард долларга жетүү экенин белгиледи.

Түркиянын Сербияга жасаган инвестициясынын жалпы наркынын 1 миллион доллардан 250 миллион долларга жеткенин белгилеген Эрдоган: «Түркия катары өлкөбүзгө инвестиция салгысы келген серб инвесторлоруна керектүү бардык колдоолорду көрсөтүүнү улантабыз»,-деди.

Жолугушууда Балкандын тынчтыгына жана ырааттуулугуна берилген маанини күчтүү түрдө баса белгилешкендерин билдирген Президент: «Сербиянын Босния-Герцеговинанын эгемендигине болгон колдоосу аймактын тынчтыгы жана ырааттуулугу үчүн абдан маанилүү. Босния-Герцеговинадагы кризистен чыгуу үчүн эл аралык коомчулуктун биргелешип иш-аракет кылышы керектиги анык. Түркия катары биз дагы Балкандагы чыңалууну азайтуу үчүн колубуздан келгендин баарын кылууну улантабыз»,-деди.

Эрдоган бул милдетти ишке ашыруу үчүн Вучич менен босниялык, хорват жана серб үч лидерди чогултууну чечкендерин айтты.

Сербиянын президенти Вучич да өлкөсүнүн Түркия менен болгон соода көлөмүнүн тарыхтагы эң мыкты ылдамдыкка жеткенин белгилеп: «Президент Эрдоганга Босния-Герцеговинанын жеринин бүтүндүгүн абдан урматтай турганыбызды айттым»,-деди.



Тектеш кабарлар