Экономика боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү
Экономика боюнча координациялык кеңеши борбор шаар Анкарада вице-президент Фуат Октайдын жетекчилигинде чогулду.

Түркия экономикасынын 2021-жыл үчүн өсүүсүнүн 10 пайыздан жогору болушу күтүлүүдө.
Экономика боюнча координациялык кеңеши борбор шаар Анкарада вице-президент Фуат Октайдын жетекчилигинде чогулду.
Жыйында түрк экономикасындагы өнүгүүлөр жана өткөн айда коомчулук менен бөлүшүлгөн Түрк экономика моделинин алкагында кабыл алынган чечимдерге байланыштуу өнүгүүлөр талкууланды.
Түрк экономика моделинин алкагында 2021-жылдын 20-декабрынан бери кабыл алынган чечимдерге байланыштуу өнүгүүлөр бааланган жыйналышта, прогресстин абалы жана экономикадагы акыркы өнүгүүлөрдүн негизинде кыска, орто жана узак мөөнөттүү келечекте жасала турган кадамдар да талкууланды.
Жыйында 2021-жылдын акыркы чейрегинде жарыяланган көрсөткүчтөрдүн өсүү тенденциясы уланып жатканына ишаарат бергени белгиленип, 2021-жыл үчүн ИДПнын өсүшүнүн 10 пайыздан жогору болушу күтүлүп жатканы белгиленди.
Тектеш кабарлар

Эрдоган: «Эми мен үчүн Мицотакис деген бирөө жок»
Президент Режеп Таййип Эрдоган өкмөт жыйынынан кийин билдирүү жасады.