Бингөлдө "Эрен кыш - 16" операциясы башталды

Бингөлдө 960 кызматкер менен "Эрен кыш  - 16" жандармериянын шейит майору Адил Карагөз операциясы баштатылды.

1764101
Бингөлдө "Эрен кыш - 16" операциясы башталды

Бингөлдө 960 кызматкер менен "Эрен кыш  - 16" жандармериянын шейит майору Адил Карагөз операциясы баштатылды. 

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, өлкөдө террорду толугу менен жок кылуу максатында жүргүзүлүп жаткан "Эрен кыш" операциялары элдин колдоосу, ишеним жана чечкиндүүлүк менен уланууда.

Ушул алкакта  Бингөлдө «Эрен Кыш - 16" (Бингөл-Саггөзе)  жандармериянын шейит майору Адил Карагөз операциясы башталды.

Облустук жандармерия командирлигинин координациясындагы операцияга 71 ыкчам топ, 960 жандармерия командирлиги, жандармериянын атайын операциялары  жана коопсуздук кызматкерлери катышууда.

Операция менен «Изде - Тап - Жок кылуу» тактикасы менен террористтреди жок кылуу,  бүт даярдыктарын жокко чыгаруу, аймактагы тынчтык жана коопсуздукту бекемдөө максат кылынууда.

 

 



Тектеш кабарлар