АТАК тик учагы дүйнөдөгү эң мыктылардын катарында

Түрк коргонуу өнөр жайынын сыймыктуу долбоорлорунун бири болгон АТАК тик учактары өлкөнүн ичинде жана чек аранын ары жагында террорго каршы операциялардын эң маанилүү элементтеринин бири болууну улантууда.

1764440
АТАК тик учагы дүйнөдөгү эң мыктылардын катарында

 

Атамекендик тик учак АТАК, коркунучтарга электрондук түрдө кол салган жана аларды бутадан бурган Радар бөгөттөөчү Pod системасы менен классындагы эң мыктылардын арасында.

Массалык өндүрүш тик учактарында сейрек кездешүүчү бул өзгөчөлүк маанилүү ийгиликтерди алып келүүдө.

Түрк коргонуу өнөр жайынын сыймыктуу долбоорлорунун бири болгон АТАК тик учактары өлкөнүн ичинде жана чек аранын ары жагында террорго каршы операциялардын эң маанилүү элементтеринин бири болууну улантууда.

Убакыттын өтүшү менен ар түрдүү этаптарды аяктаган жана ар бир жолу жакшыраак чекитке жеткен Т-129В Атак II фазасынын акыркы бир нече күндө Кургактык күчтөрү командирлигине жеткирилгени жарыяланды.

Сөз болгон кабарга байланыштуу көрүнүштө жаңы көрсөтүлгөн тик учактагы Radar Jammer Pod системасы көңүлдөрдүн сыртында калган жок.

Radar jammer (RF jammer) түрк инженерлери тарабынан иштелип чыккан жана АТАКка киргизилген. Тик учакка каршы радар издөөчү ракета учурулганда, бул система ишке кирип, жакындап келе жаткан коркунучка электрондук чабуул жасап, аны буруп, алдын алууга аракет кылат.

Радар бөгөттөөчү системасы менен жабдылган T129 Atak ушундайча дүйнөдөгү өз тармагындагы эң алдыңкы платформалардын бири болуу үчүн маанилүү кадам таштады.



Тектеш кабарлар