Афринде 800 туннель ачыкка чыгарылды

Түрк куралдуу күчтөрүнүн 4 жыл мурда уюштурган «Зайтун бутагы» операциясы менен Африн аймагы террордон тазаланды.

1764686
Афринде 800 туннель ачыкка чыгарылды

Жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Сириянын түндүгүндөгү Афринден сүрүлүп чыгарылышынан кийинки 4 жылдык мезгилде гиганттык туннелдер менен бирге 800 туннель ачыкка чыгарылды.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн 4 жыл мурда уюштурган «Зайтун бутагы» операциясы менен Африн аймагы террордон тазаланды.

Аймакта ушул убакка чейин террористтер тарабынан казылган 800 туннель табылды.

ТРТ  Хабер тоолуу жерде лабиринттей казылган террор туннелдерин көрсөттү.

Африндин астына кудум эле жер астындагы шаар курган террористтер тарабынан казылган туннелдердин кээ бирлеринин чоң бир унаа кире ала тургандай чоң экени ачыкка чыкты.

Болжол менен узундугу 300 километрди түзгөн жана көпчүлүгү лабиринт формасында болгон 800 туннелде колдонулган калыптоочу бетон жана цементтин болсо француз цемент компаниясы Lafargeге таандык.

Террорчулар бул туннелдерди кампа, баш калкалоо жана кол салуу үчүн колдонушкан.

Ал эми «Тынчтык булагы» жана «Зайтун бутагы» аймактарында жикчил террордук уюм тарабынан курулган 2 миң 200 туннелдин ушул убакка чейин ачыкка чыгарылгандарынын узундугу 600 километрге жетет.

Ушул убакка чейин «Тынчтык булагы» аймагында 1400, Афринде 800 туннель табылган.



Тектеш кабарлар