2025-жылдан кийин ай сайын 2 Хүржет ангардан чыгат
Түрк авиация жана космос агенттиги акционердик коомунун (TUSAŞ) башкы директору Темел Котил Хүржет проектисине байланыштуу билдирүү жасады.

2025-жылдан кийин ай сайын улуттук реактивдүү машыктыруучу жана жеңил чабуулчу Хүржет (Hürjet) учактарынын 2 даанасы чыгарылат.
Түрк авиация жана космос агенттиги акционердик коомунун (TUSAŞ) башкы директору Темел Котил Хүржет проектисине байланыштуу билдирүү жасады.
Хүржет прототиптерин чыгаргандарын жана 1-2 айдын ичинде учакты толугу менен көрсөтө ала тургандарын билдирген Котил : «Хүржет 2023-жылдын 18-мартында биринчи учуусун жасайт»,-деди.
Хүржет проектисин Улуттук согуштук учактын (MMU) алдына койгондорун билдирген Котил, бул жерден үйрөнгөндөрдү улуттук согуштук учакка өткөрө тургандарын айтты.
2025-жылдан кийин ай сайын 2 Хүржеттин ангардан чыга турганын айткан Котил Хүржеттин атаандаштарына каршы эң акыркы технологиялар менен иштелип чыкканын жана чыгарылганын айтты.