Измирде мыйзамсыз мигранттар кармалды

Кармалган мыйзамсыз мигранттар жээкке чыгарылгандан кийин облустук миграция директорлугуна алып барылды. .

1763127
Измирде мыйзамсыз мигранттар кармалды

Жээк коопсуздук топтору мыйзамсыз  мигранттардын кеме менен деңизге чыккандыгы тууралуу кабар алышы менен операция жүргүздү. 

Топтор Алачаты мааласына жакын жерде бир кемедеги мыйзамсыз 179  мигрант жана аларды уюштурган 4 кишини кармады. 

Кеме менен  Чешме пристанына алып келинген мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин облустук миграция директорлугуна алып барылды. Камакка алынган 4 шектүүнүн иши уланып жаткандыгы билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар