Түркиянын алгачкы чөнтөк спутниги Гризу - 263А сигнал алынды

1992 - жылы 3 - мартта Зонгулдакта болгон жарылууда каза болгон шахтерлордун ысымдары менен космоско учурулган спутниктин 4 жыл 8 ай бою жердин жапыз орбитасында кызмат кылуусу пландалууда.

1762669
Түркиянын алгачкы чөнтөк спутниги Гризу - 263А  сигнал алынды

Түркиянын биринчи чөнтөк спутниги 'Grizu-263Aдан' ийгиликтүү сигнал алынды.

Зонгулдак Бүлент Эжевит университетинин инженердик факультетинин студенттеринен турган Гризу - 263 космостук тобу тарабынан долбоорлонгон жана Флоридадагы Кейп Канаверал базасынан учурулган Түркиянын алгачкы чөнтөк спутнигинен сигналдардын ийгиликтүү алынгандыгы билдирилди.

Гризу - 263А кечээ Space X компаниясынын Falcon 9 ракетасы менен Түркия убактысы боюнча саат 18:25те учкандан кийин болжол менен 1 сааттан кийин орбитага жайгашты.

Гризу - 263 космостук командасынын соцтармактан берилген билдирүүсүндө : «Биринчи сигналдар "Гризу-263А" спутнигибизден ийгиликтүү алынды, спутнигибиз иштеп жатат. Сигналдардын алынышына шарттарды түзгөн Мехмет Фатих Энгин, Тахсин Чагры Шишман, Ибрахим Арда, Йылмаз Барыш Эркан жана Билге Демиркөзгө ыраазычылык билдиребиз»,- деп билдирилди.

Команданын капитаны Чагла Айтач Дурсун да соцтармактан "Сыймыктандыруучу. Долбоорлондук, өндүрдүк, сынадык жана космоско жөнөттүк. Азыр биздин спутник Гризу - 263А өзүнүн күчтүү миссиясынын башында»,- деп жазды.

1992 - жылы 3 - мартта Зонгулдакта болгон жарылууда каза болгон шахтерлордун ысымдары менен космоско учурулган спутниктин 4 жыл 8 ай бою жердин жапыз орбитасында кызмат кылуусу пландалууда.



Тектеш кабарлар