БАЭ Түркия менен экспорт көлөмүн көбөйтүүнү максат кылууда

Бириккен Араб Эмирликтери БАЭ Түркия менен соода көлөмүн эки - үч эсеге көбөйтүүнү максат кылганын жарыялады.

1762362
БАЭ Түркия менен экспорт көлөмүн көбөйтүүнү максат кылууда

Бириккен Араб Эмирликтери БАЭ Түркия менен соода көлөмүн эки - үч эсеге көбөйтүүнү максат кылганын жарыялады.

БАЭнин тышкы соода боюнча мамлекеттик министри Сани эз - Зуюди бир телеканалга берген маегинде Түркияны логистикалык кызматтар жана камсыздоо чынжырлары аркылуу БАЭге жаңы базарларды ача турган өлкө катары көргөндөрүн айтты.

Өлкөсүнүн Түркия менен болгон соода көлөмүн эки же үч эсеге көбөйтүүнү максат кылганын белгилеген Зуюди, БАЭнин Түркиянын өзгөчө Африка континенти менен өнөр жай секторуна, квалификациялуу жумушчу күчү жана логистикалык тармагына жасаган чоң инвестициясынан пайда көрүүнү күткөнүн айтты.

Абу - Даби администрациясынын Түркия менен соода көлөмүн көбөйтүү аракети эки өлкөнүн карым - катнаштарынын жакындашынын эң ачык далили катары каралууда.

БАЭнин Экономика министрлигинин отчетуна ылайык, акыркы он жылда Түркия менен болгон мунайдан башка сооданын жалпы көлөмү болжол менен 89,6 миллиард долларды түздү.



Тектеш кабарлар