Сойлу пакистандык кесиптеши менен мыйзамсыз миграция маселесин талкуулады

Эки министр видеоконференция аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1762196
Сойлу пакистандык кесиптеши менен мыйзамсыз миграция маселесин талкуулады
suleyman soylu.jpg
rasid ahmet-soylu.jpg

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу менен Пакистандын ички иштер министри шейх Рашид Ахмед менен (кечээ) видеоконференция аркылуу сүйлөшүүсүндө басымдуу түрдө мыйзамсыз иммиграция жана адам аткезчилиги талкууланды.

Аймактык тынчтык, мыйзамсыз иммиграция жана адам аткезчилигине токтолгон министр Сойлу менен Ахмед Пакистан-Түркия карым-катнаштарын алдыга жылдыруу каалоолорун билдиришти.

Сүйлөшүүдө эки министр эки өлкө үчүн «орток максат» катары эсептелген мыйзамсыз миграция жана адам аткезчилигине каршы биргелешип иш алып баруу боюнча макулдашты жана бири-бирин өз өлкөлөрүнө зыярат кылууга чакырышты.

Министр Ахмед Ооганстандагы гуманитардык кризиске токтолуп, Пакистандын бүткүл дүйнөнү Ооганстанга жардам берүүгө чакырганын айтты.

Ооганстандагы гуманитардык кризистердин алдын алуу үчүн Түркиянын жардамын баалаган Ахмед : «Түркия менен болгон карым-катнаштар пакистандыктар арасында кеңири колдоого ээ болууда»,-деди.

Министр Ахмед түрк кесиптеши Сойлуга адам аткезчилиги жана мыйзамсыз миграцияга каршы чаралар көрүлө турганы боюнча ишеним берип: «Пакистанда бул кыймылдарга катышкан адамдарга карата нөлдүк сабырдуулук саясаты бар. «Ички иштер министрлиги жана Федералдык иликтөө агенттиги (FIA) Пакистандан Түркияга мыйзамсыз миграцияны токтотуу үчүн катуу чараларды көрөт», - деп айтты.

Министр Сойлу болсо өлкөлөр ортосундагы жакшы карым-катнаштардын көйгөйлөрдүн чечилишине жардам бере аларын белгилеп, мыйзамсыз миграция жана адам аткезчилигинин социалдык жана саясий көйгөйлөрдү пайда кылганына токтолду. Сойлу биргелешкен стратегиянын мындай көйгөйлөрдүн алдын алууга жардам берерин белгиледи.



Тектеш кабарлар