Жээк коопсуздук кызматы 2021-жылы деңизде 15 миң адамды куткарды

Грек элементтери мыйзамсыз мигранттарды резина кайык же катерлеринин моторлорун чыгарып алып жана баалуу буюмдарын тартып алып кайра түрк сууларына түртүп жатышат.

1761511
Жээк коопсуздук кызматы 2021-жылы деңизде 15 миң адамды куткарды

Түркиянын Жээк коопсуздук командирлигинин кызматкерлери, өткөн жылы грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына сүрүлгөн 15 миң 174 мыйзамсыз мигрантты куткарды.

Жарандык согуш жана башаламандыктардан улам өлкөлөрүн таштап, Европада жакшы жашоо куруу үчүн «үмүт сапарына» аттанган мыйзамсыз мигранттар деңизде грек элементтеринин катаал мамилесине кабылууда.

Грек элементтери мыйзамсыз мигранттарды резина кайык же катерлеринин моторлорун чыгарып алып жана баалуу буюмдарын тартып алып кайра түрк сууларына түртүп жатышат.

Түркиянын Жээк коопсуздук командирлигинин топтору Эгей жана Жер Ортолук деңизде өлүм менен бетме-бет келген мыйзамсыз мигранттарды куткарууда.

Жээк коопсуздук командирлигинин интернет сайтындагы маалыматка караганда 2021-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына кайра сүрүлгөн 15 миң 174 мигрант жээкке чыгарылды.

Өткөн жылы 15 мыйзамсыз мигранттын жансыз денеси табылган.



Тектеш кабарлар