Түркияда Ковид-19га каршы күрөш уланып жатат
Бир күндө 418 миң 264 тест жасалып, 66 миң 237 кишиде вирус аныкталды.
1759400
Түркиянын коронавируска (Covid-19/ Ковид-19) каршы күрөшү уланып жатат. Акыркы 24 саатта каза болгон адамдардын саны 141 деп белгиленди.
Бир күндө 418 миң 264 тест жасалып, 66 миң 237 кишиде вирус аныкталды.
Акыркы 24 саатта айыккан кишилердин саны 34 миң 592 болду.
Түркияда ушул убакка дейре биринчи, экинчи жана үчүнчү доза вакцина алгандардын саны болсо 135 миллион 997 миң 933кө жетти.