Түрк илимпоздорунун ракка каршы өнүктүргөн дарысы...

Стамбулдагы Богазичи университетинин химия бөлүмүнүн окутуучусу, профессор, доктор Рана Номак Санял жана аны тобу тарабынан өпкө рагына каршы иштелип чыккан жана лабораториялык изилдөөлөрү аяктаган препараттын клиникалык сыноолору башталды.

1759635
Түрк илимпоздорунун ракка каршы өнүктүргөн дарысы...

Түрк илимпоздору тарабынан рак оорусуна каршы иштелип чыккан дары клиникалык баскычка өттү.

Стамбулдагы Богазичи университетинин химия бөлүмүнүн окутуучусу, профессор, доктор Рана Номак Санял жана аны тобу тарабынан өпкө рагына каршы иштелип чыккан жана лабораториялык изилдөөлөрү аяктаган препараттын клиникалык сыноолору башталды.

Кайталануучу, метастаздуу же өнүккөн өпкө рагы менен ооруган бейтаптар үчүн иштелип чыккан дарынын фаза-1 изилдөөлөрү Анкара онкология окуу жана изилдөө ооруканасынын Фаза-1 клиникалык изилдөө борборунда башталды.

Жалпысынан 16 пациентте жүргүзүлө турган изилдөөнүн фаза-1а фазасында ыктыярдуу 6 пациентте максималдуу толеранттуу доза аныкталат, ал эми фаза-1b фазасында 10 ыктыярдуу пациентте натыйжалуулук жана коопсуздук бааланат.

Анкаранын Онкология окуу жана изилдөө ооруканасынын 1-фаза Клиникалык изилдөө борборунун жетекчиси профессор доктор Февзи Алтунташ, Түркияны коргонуу өнөр жайы менен бирге саламаттыкты сактоо тармагында да өзүн-өзү жетиштүү өлкө кылуу жана өнүккөн өлкөгө өткөрүү үчүн башка илимпоздор менен айрыкча ата мекендик жана улуттук дары-дармектерди өндүрүүдө өнүккөн деңгээлге жеткирүү жагынан кызматташкандарын айтты.

Бул контекстте Алтунташ, Түркияда өпкө рагына каршы иштелип чыккан алгачкы дарылардын бири болгон ооруканаларындагы Фаза-1 Клиникалык изилдөө борборунда өткөрүлө турган клиникалык сыноо боюнча сыймыктангандарын айтты.

Алтунташ: «Өпкө рагы менен ооруган бейтаптар үчүн үмүт шамы. Анкара онкология окуу жана изилдөө ооруканасында 18 жаштан 75 жашка чейинки рецидив же өнүккөн стадиялары бар жана иммунотерапия сыяктуу дарылоодон өткөн бейтаптарда клиникалык баскычты баштаганыбызды билдиргим келет»,-деди.

Клиникалык изилдөө борборунда 2021-жылы рак жаатында орто эсеп менен 114 эл аралык фаза-2 жана фаза-3 изилдөөлөрүнө, атамекендик VLP вакцинасы жана Car-T-клеткасынын терапиялык фаза изилдөөлөрүнөн тышкары рак тармагында 7 фаза-1 изилдөөлөрү өткөрүлгөнүн белгилеген Алтунташ,  бул рак дарысынын да 1-фаза ишинин бүтүшү менен 2-фаза жана 3-фазага өтүүнү каалашкандарын айтты.



Тектеш кабарлар