Түркия Израилди айыптады

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1758620
Түркия Израилди айыптады

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги, Кудс муниципалитетине караштуу Аймактык пландоо жана курулуш комитетинин, оккупациядагы Чыгыш Кудста 3557 жаңы конушту камтыган 5 отурукташуу планын бекиткенин айыптады.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, басылып алынган Палестина жерлеринде Израиль тарабынан курулган отурукташуу жерлеринин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) токтомдору менен кошо эл аралык мыйзамга каршы экени эске салынды.

Билдирүүдө: «Аймактык жактан бирдиктүү Палестина мамлекетин физикалык жактан мүмкүн эмес кылууну көздөгөн бул жаңы мыйзамсыз иш-аракеттер эки мамлекеттүү чечимдин көз карашына жана туруктуу тынчтыктын негизине олуттуу зыян келтирет»,-деп айтылды.

Израиль 1967-жылы басып алган Батыш Шериада 250дөн ашык мыйзамсыз жөөт конуштары бар. Бул жерлерде жашаган 500 миңге жакын жөөт отурукташуучу оккупация астында жашаган палестиналыктардын жашоосун ого бетер кыйындатууда.

Эл аралык мыйзамдарга ылайык оккупацияланган аймактардагы бардык жөөт конуштары мыйзамсыз деп эсептелет.



Тектеш кабарлар