Мевлүт Чавушоглу телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Тышкы иштер министрлигинин жетекчилеринен алынган маалыматка караганда сүйлөшүүдө эки тараптуу карым - катнаштар жана аймактагы акыркы абалдар талкууланды.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээ Эфиопиянын Тышкы иштер министри Деме Меконнен менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Тышкы иштер министрлигинин жетекчилеринен алынган маалыматка караганда сүйлөшүүдө эки тараптуу карым - катнаштар жана аймактагы акыркы абалдар талкууланды.
Эфиопияда козголоңчу Тигрей элдик боштондук фронтунун 2020 - жылдын акырында борбордук өкмөткө каршы көтөрүлүш баштоосу менен жарандык согуш чыккан.
Армия менен козголоңчулардын ортосундагы кагылышуулардан улам жүз миңдеген адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп, миңдеген адам каза болду.
Козголоңчулар борбор шаар Аддис - Абебага жакындап, Эфиопия армиясынын 2021 - жылы декабрь айында баштаган аба оперциялары менен Тигрей элдик боштондук фронту чегинүүгө аргасыз болгон.
Тектеш кабарлар
Каржы министри Мехмет Шимшек : "Түркия экономикасы ишеним берүүдө"
Мехмет Шимшек АКШдагы жолугушуулары тууралуу ТРТге маалымат берди.