Түркиянын алгачкы чөнтөк спутниги 13 - январда учурулат

Зонгулдак Бүлент Эжевит университетинин (BEU) инженердик факультетинин студенттеринен турган Гризу - 263 космостук тобу тарабынан долбоорлонгон Түркиянын биринчи чөнтөк спутниги Grizu -2 63A 13 - январда космоско учурулат.

1758260

13 -  январда Түркия убактысы боюнча саат 18:25те АКШдагы  Канаверал учуруу базасынан учурула турган, 5x5x5 көлөмүндөгү жана 237 граммдык салмактагы  өлкөнүн алгачкы чөнтөк спутниги Grizu-263Aнын болжол менен 525 километр төмөн жер орбитасында 4 жыл 8 ай кызмат кылуусу пландалууда.

Мындан мурда Авиациялык, космостук жана технология фестивалы ТЕКНОФЕСТтин негизинде Түрксат тарабынан уюштурулган конкурста 95 команданын арасынан Түркия биринчилиги сыйлыгын президент Р. Т. Эрдогандын колунан алган космос командасы АКШда уюштурулган "CanSat Competition" модель спутник конкурсунда эки жолу дүйнөдө экинчи орунду алган.

Тектеш кабарлар